Саясат

Нурсултан Назарбаев Түркияга учуп барды

Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев Түркияга учуп кетти. Бул тууралуу анын маалымат катчысы Айдос Укибайга шилтеме берип Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

«Елбасы Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын чакыруусу менен Дипломатиялык форумга катышуу үчүн Анталия шаарына барды», — деп жазды Укибай социалдык тармактагы баракчасына.

Анталиядагы дипломатиялык форумда дүйнөдөгү жана региондогу олуттуу маселелер талкууланат.Эске салсак, Назарбаев президенттик кызматтан 2019-жылдын март айында кеткен. Жыл башындагы окуялардан кийин ал Nur Otan (учурда AMANAT) партиясынын жетекчилигин да тапшырып берген.Ошондой эле ал өмүр бою Коопсуздук кеңешин башкаруу жана Казакстан элинин ассамблеясына төрагалык кылуу укугунан ажыраган. Аны менен катар эле ички жана тышкы мамилелер боюнча мамлекеттик демилгелерди Елбасы менен макулдашуу талабы жокко чыгарылган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button