Европа жана АКШда коронавирустун дагы жаңы штаммы аныкталды

Европа жана АКШда коронавирустун «дельта» жана «омикрондун» мутациясын айкалыштырган варианты (гибрид) аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жаңы варианттын генетикалык ырааттуулугу Францияда бейтаптан январда алынган үлгүдөн GISAID эл аралык маалымат базасында февралда аныкталган. Андан соң жаңы вариант вирустук геномдордун чечмелөөсүндө дээрлик элүү жолу (Дания, Германия, Нидерланды жана АКШда) кездешкен. Жаңы вариант январдан кеч эмес пайда болгон, бирок эч бир жерде оорунун кескин өсүшүнө алып келген эмес жана өтө эле сейрек кездешет.

Дельтакрондун түзүлүшү боюнча ал клеткаларга кирген ийнечелери бар белок – дээрлик «омикрондон», ал эми калганы — «дельтадан».

Мүмкүн, антителолор үчүн ал “омикрон” сыяктуу көрүнөт, ошондуктан ооруп айыккандар жана эмдөө алгандар дагы эле коргоого ээ болушу керек.

Мындан тышкары, ийнечелери бар белоктун өзгөчөлүктөрүнөн улам жаңы вариант «омикрон» сыяктуу COVID-19дун татаалдашууларына салыштымалуу сейрек алып келет.