Окуялар

Өзгөндө шахта урап, кытайлык үч киши каза болду

Өзгөн районунда көмүр шахтасы урап, ал жерде иштеп жаткан кытайлык үч киши каза болду. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, 20-март күнү таңкы саат 07:10 чамасында Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Дөбө участкасындагы «АБКЕ» көмүр кенинде үч адамды таш басып калганы тууралуу милицияга маалымат түшкөн.

Ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барганда түнү 00:30 чамасында шахта урап, 51 жаштагы бир жана 49 жаштагы эки кытай жаранын басып калганы аныкталган.

«Алар шахтанын ичинде көмүр казуу иштерин жүргүзүп, анын үстүңкү тарабын бекемдеп жатканда көмүр аралаш таштар түшүп басып калган. Андан кийин бирге иштеген шериктери ал жерди казып, үчөөнүн сөөгүн алып чыккан. Кытай жарандары шахтанын ичине болжол менен 50 метрдей киргенден кийин үстү көчүп түшкөнү аныкталды», — деп айтылат маалыматта.

Маркумдар Ош облустук соттук-медициналык экспертиза бюросунун изилдөөсүнө берилген. Тергөө иштери улантылууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button