Коом

Диетолог орозонун ден соолукка пайдалуу жактарын санап берди

Диетолог Бактыгүл Иманкулова орозо кармоонун ден соолукка пайдалуу жактарын санап берди.

Анын айтымында, күнүнө эки ирет тамактануу (ооз ачуу жана бекитүү) ден соолукка зыян эмес. Себеби күн сайын бир нече ирет азыктануу эки жолу тое жеп коюуга барабар.

«Бир канча убакытка ачка жүрүүдө, тескерисинче, нерв системасынын иштөөсү жакшырат, зат алмашуу оңолот, иммунитет көтөрүлөт, денедеги шлактар чыгат, салмак азаят. Адамдын жашоодогу убактысы да үнөмдөлөт», — деген диетолог.

Ал ооз ачарда муздак суу ичпеш керектигин эскертти. Медиктин сунушу боюнча, тамакты суу ичкенден кийин 20-30 мүнөттөн соң жеген оң.

Куранда да, медицинада да орозону илдети оорлор, бала эмизгендер, кош бойлуулар, өтө улгайган жана кичинекей балдар кармабашы керектиги көрсөтүлгөн.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button