Дүйнө

Россияда аялды өлтүрүп, маркумдун сөөгүн балконго эки ай сактаган киши кармалды

Россиянын Челябинск районундагы Юрюзанда  жашаган  киши таанышынын сөөгүн 2 ай балкондо сактаган. Бул тууралуу «Лента.ру» жазып чыкты.

Маалыматка караганда, жансыз дене 25-мартта табылган. Бирок аялдын болжол менен 2 ай мурда эле көз жумганы аныкталган. Киши тааныш аялды спирт ичимдигин ичип отуруп, өлтүрүп алган.

Ал жансыз денени балконго катып койгон.

Криминалисттер аялдын башына урулган соккудан каза болгонун аныкташып, киши өлтүрүү боюнча кылмыш иши козголгон.

Маркум 37 жашта болгон.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button