Ош шаарында милиция кызматкерлери синтетикалык баңгизаттын жайылтуусуна жол беришпеди

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын баӊгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү  кызматы   ушул жылдын январь жана февраль айларында Ош шаарынын аймагында белгисиз адамдар тарабынан дубал беттерине, курулуш объектилерине жана  башка көрүнүктүү жерлерге  белгисиз адамдар тарабынан   электрондук даректердин жазылып жаткандыктарына  өзгөчө маани берип, бул  электрондук даректердин ээлерин  табуу боюнча ыкчам иш алып бара башташкан.   Бул даректерде баңгизаттар сатылышы мүмкүн экендигине шек жаралган соӊ,   ыкчам кызматкерлер  өзгөчө көӊүл буруу менен иликтешти.   Жазуулар пайда болгон учурдан тартып эле, милиция кызматкерлери Ош шаардык жаштар комитетинин кызматкерлери менен биргеликте аныкталган бардык даректерди жок кылып чыгышкан болчу.

Ыкчам кызматкерлер тарабынан жүргүзүлгөн бир нече күндүк ар тараптуу иш аракеттер, топтолгон  далил маалыматтардан соӊ,    2022-жылдын 29-март күнү  атайын операциялар отрядынын кызматкерлеринин жардамы менен Ош шаарынын Алиева көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринен , шектүү   5 адамды кармашкан.  Иликтөө иштеринин жүрүгүшүндө кармалган 5 адамдын бири, аталган үйдүн жашоочусу  1978-жылы туулган И.А. тарабынан синтетикалык наркотикалык заттар сатылып жаткандыгы аныкталган. Калган кармалган 4 жаран шектүүдөн синтетикалык баңгизатты пайдалануу үчүн  келгендигин көрсөтүшкөн. Алар 1990-жылы туулган С.Э., 1983-жылы туулган К.Н., 1983-жылы туулган К.Р. жана 1978-жылы туулган Б.Ж.. Баары Ош шаарынын тургундары.  

Шектүүнүн жанынан салмагы 0.5 граммды түзгөн синтетикалык баңгизат алынган. Ал эми шектүү жашаган  турак-жайды тинтүү учурунда  атайын боек чачууда кийүүчү кол каптар, электрондук даректер оюлуп жазылган трафареттер, бир нече боек балондору- кылмышка далил буюмдары катары алынды.  Жашыруун баңгизаттарды сатуучу жай (притон) уюштурганга шектүү катары  үйдүн 44 жаштагы жашоочусу убактылуу кармоочу жайга киргизилди.  Баңгизаттарды таратуу үчүн жашыруун жай уюштургандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын кылмыш кодексинин 290-беренесинин (Баӊгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун колдонуу үчүн көмүскө жайларды уюштуруу же кармоо) белгилери менен тергөө иштери жүрүп жатат.  Дарек боюнча кармалышкан калган 4 жаранга баңгизаттарды пайдаланганбы, жокпу аныктоо максатында  атайын экспертиза дайындалды. Учурда бул факт боюнча ар тараптуу тереӊ иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Учурдан пайдаланып, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын баӊгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы бардык жарандардан баңгизаттардан сактанууга, дубал беттеринен шектүү даректер болсо кабарлап турууну суранат. Ошондой өз уул-кыздарыӊыздардын жүрүм-түрүмүнан шек санасаӊыз, анын жанынан белгисиз даректер оюлган трафареттерди көрүп калсаӊыздар токтоосуз тиешелүү аракеттерди көрүүнү суранат.  Биздин байланыш телефондор  0700-56-59-69 же 102.

Сүрөттө: 1.Жашыруун баңгизаттарды пайдалануу жана сатуу үчүн жашыруун жай уюштурганга шектүү И.А.

2. Баңгизаттарды сатуу үчүн пайдаланылган, электрондук даректер   түшүрүлгөн трафареттер.

3. Дубал беттерине жазылган баңгизаттардын даректери, анын ичинде электрондук даректерин өчүрүү учурунан көрүнүштөр, – деп билдирди Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы.