Адамдын организмине витамин жетишпесе психикалык оорулар өрчүшү мүмкүн

Диетолог Елена Соломатина витаминдердин жетишсиздиги депрессия менен айрым психикалык ооруларды күчөтүп жибериши мүмкүндүгүн айтып берди. Бул тууралуу “Известия” жазды.

D витамини адамдын психикалык саламаттыгы менен тыгыз байланыштуу, ал жетишпесе нерв системасы жабыркап, психикалык оорулар пайда болот, ошондой эле депрессияны тереңдетип жиберет.

Ошондой эле нерв системасына жана зат алмашууга В витамини таасир этет. Аны буудай аралаш нандан, балыктын боорунан, жемиштерден жана эттен алууга болот.

В12 витамининин аздыгы ачууланууга, тынчсызданууга, уйкусуздукка жана кыймыл-аракеттин өзгөрүшүнө алып келет. Бул витамин уй этинде, малдын боору жана бөйрөгүндө, деңиз азыктарында, сүт азыктарында жана жумурткада бар.

Ал эми D витаминин майлуу балыктын түрлөрүнөн, икрадан, жумуртканын сарысынан жана сүт азыктарынан алууга болот.