Коом
«Асман» шаарын курууга келген инвесторлор Ысык-Көлдү кыдырып жүрөт

Ысык-Көлгө курула турган “Асман” долбоорунун инвесторлору учурда аталган аймакты көрүп жүрүшөт. Мындай сүрөттөр социалдык тармактарга тарады.
Бүгүн, 13-апрелде «Асман» долбоорунун жетекчиси Руслан Акматалиев Франциядан атайын инвесторлор келгенин, алар менен чогуу азыр Ысык-Көлдө жүргөнүн айткан.
Январь айында «Асман» шаарын курууну Тимур Файзиев жетектей турганы кабарланган. 15-февралда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров маалымат жыйын учурунда Тимур Файзиев 1 миллион долларга жакын акчасын сарптап иштеп баштаганын билдирген. Бирок бүгүн. 13-апрелде Тимур Файзиевдин ордуна долбоордун автору Руслан Акматалиев жетекчи болуп дайындалганы кабарланган.



