Окуялар
Ошто 22 жаштагы кыздын жансыз денеси табылды
Бүгүн, 20-апрелде болжол менен саат 08:00 чамасында Ош ОИИБдин нөөмөт бөлүмүнө аял кишинин жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.
Жерине барган милиция анын 2000-жылы туулган кыз экенин аныктаган.«Жерине тергөө тобу кеткен. Иш алып барып жатышат. Толук маалыматты кийинчерээк беребиз»,- дешти алар.