ВИДЕО: Бишкекте Президенттин катышуусу менен футзал боюнча “Мурас” мелдеши өтөт

Бул жылдын 4-5-май күндөрү Бишкекте футзал боюнча «Мурас» достук мелдеши өтөт. Аталган оюндар коомчулуктун ар кайсыл чөйрөсүнөн тарта, спорт жана футбол сүйүүчүлөрүн камтып, салттуу түрдө бир жылда эки жолу өтүп турат. Буга окшогон иш-чаралар өлкөнүн ар кыл тармактарынын өкүлдөрү арасында өз ара кызматташтыкты жана өнөктөштүктү бекемдөө үчүн өтөт. Мелдештин башкы максаты – өлкөдөгү спортту өнүктүрүү жана дени сак жашоо образын жайылтуу.

Эскерте кетсек, өткөн жылдын декабрь айында ата-мекендик футболдун жүз жылдыгына арналып өткөн оюндар, «Мурас» мелдешин уюштурууга негиз болду.

Оюндар Кыргыз футболдук союзунун демилгеси менен, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жардамы, андан сырткары өнөктөштөрдүн катышуусу менен орун алат. 

Мелдеште 12 команда ойнойт, алар коомчулуктун ар кыл тармактардын өкүлдөрүнөн түзүлгөн: Президент Администрациясынын командасы, маданият, бизнес, ЖМК, спорттук федерация өкүлдөрү жана футбол ардагерлери, Жогорку Кенеш депутаттары, облус жана шаар жетекчилиги, дин кызматкерлери, чет өлкө элчилери, бейтапкана жана окуу-жайлардын мүдүрлөрү катышат.