Коом

Ошто аялына кол көтөргөн эркек 9 суткага камалды

Ошто аялына кол көтөргөн жаран 9 суткага камалды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Ош шаарына караштуу Төлөйкөн айылынын жашоочусу, 1981-жылы туулган К.М. аялына бир нече жолу зомбулук көрсөтүп, коркуткандыгына байланыштуу кармалган.

«Иликтөө учурунда ал көп жолу мас абалында аялына кол көтөрүп, коркутуп, зомбулук жасап буга чейин 2 ирет эскертүү берилгендиги аныкталды. Жогорудагыларды эске алып, Ош шаардык соту тарабынан 9 суткага камоо боюнча чечим чыкты. Учурда ал камакта», — деп жазылат маалыматта.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button