Коом

Жеке менчик окуу жайлардагы мугалимдердин айлык маяналары көтөрүлгөн жок. Себеби…

Апрелден тартып өлкөдөгү мугалимдердин айлыктары көтөрүлүп, мугалимдерге кошулуп, коомчулук дагы кубанып турган маал. Бирок бул баарына эле тиешелүү эмес. Кыргызстанда учурда 30дан ашуун жеке менчик жогорку билим берүүчү окуу жайлары бар. Анда иштеген окутуучулардын айлык маянасы көтөрүлгөн жок.

Жеке менчик жогорку окуу жайлары жеке менчик болгону менен ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан өлкөнүн мыйзамдарына баш ийет. Ачылышы үчүн лицензия алышкан, ар үч жылда аккредитациядан өтүп турушат. Жеке менчик болобу же мамлекеттик билим берүү мекемелериби Кыргызстандын билим берүү жаатындагы мыйзамына ылайык иштешет. Мамлекеттик стандартка ылайык иш алып барышат. Бирок мугалимдердин маянасын көтөрүүгө келгенде жетекчиликтери “биз жеке менчикпиз, андыктан маянаны көтөрүү же көтөрбөөнү өзүбүз билебиз” дегендей кылышып, башка учурда карманган мамлекеттик стандарттан маяна маселесине келгенде чыгып кетишкен.  Булардын өлкө мыйзамына баш ийбегенинин дагы бир мисалы, маяналар банк аркылуу берилсин деген токтомду ушул күнгө чейин аткарбай келишет.  Дагы деле окутуучулар илгерки ыкма менен айына иштеп тапкан каражатын колдон колго алышат. Ошону менен бүгүнкү күндө бул окуу жайлардагы мугалимдердин  эки ставка менен иштешкенде 11 миң сомдун тегерегинде айлыгы бар. Ошол эле убакта мамлекеттик окуу жайлардын окутуучулары бир ставка менен 15 миңдин тегерегиндеги сумманы колуна кармашат.

Өлкө ичинде өлкөнүн билим берүү системасынын алкагында иштеп жаткан жеке менчик окуу жайларынын жетекчилигинин бул кылыгын кандай түшүнүүгө болот? Президенттин “мугалимдин маянасы көтөрулсүн” деген буйругу аларга тийиштүү эмеспи? Анда аларды  мамлекет ичиндеги көз карандысыз эркин “мамлекет” деп койсок болобу? Жеке менчик болсо дагы өлкөгө кадрларды даярдап жатышпайбы? Эгерде мамлекеттин мыйзамына, тартибине баш ийишпесе, андан билим алып чыккан адистердин диплому да жараксыз болушу керек да. Белгилей кетчү нерсе, мындай окуу жайлардын контракт өлчөмү асман чапчыйт. Өтө кымбат баада окутушат. Демек, мугалимдердин айлыгын көбөйтүүгө чама-чарктары жетет. Айрым жеке менчик окуу жайлары окутуучуларынын өтүнүчүнө “май айында көтөрөбүз”, — деп келишкен экен. Эми май жакындап калган сентябрга жылдырышыптыр. “Эртең түгөнбөйт” дегендей булар эртең менен мугалимдерди үмүттөндүрүшүп жатышат. Билимин, күчүн өздөрүнүн бизнесинин өркүндөшүнө колдонуп жаткандан кийин жеке менчик окуу жайлардын ээлери окутуучулардын мээнетин сыйлап, жалпы мугалимдердин катарында маяналарын көтөрүп, кубантып коюшса болбойт беле. Тийиштүү кызматтар жеке менчик окуу жайларына текшерүү жүргүзсө көп былыктар сыртка калкып чыгаары шексиз!

P.S. Бул боюнча алдыда дагы материалдар жазылат. Кайсы окуу жайлары жалпы мугалимдерге татыктуу шарт түзүүгө аракеттенген президенттин демилгесин кулак сыртынан кетиргенин ачыктайбыз.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button