Окуялар

Сузак районунун аймагында сел жүрүп, 35 үй-бүлө эвакуацияланды

Сузак районунун аймагында сел жүрүп, 35 үй-бүлө эвакуацияланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Алдын ала маалымат боюнча, 4-май күнү саат 22:50 чамасында кыска мөөнөттө жаап өткөн жамгырдын кесепетинен кокту колоттордон келген сел суулар Атабеков аайыл аймагында Кара-Жыгач, Кызыл-Багыш, Түркабад айылдарында, Барпы аайыл аймагындагы Жаңы-Айыл, Комсомол жана Миң-Өрүк айылдарында турак үйлөрдү каптаган.

Мындан сырткары Барпы айыл аймагында Б.Осмонов айылынын Муратали көчөсүндө 20 жана Авазбеков көчөсүндө 18 турак үйлөрдүн ичине сел суулар кирип, тургундар өз алдынча коопсуз жерге көчүрүлүп, Миң-Өрүк айылында 1 турак үй уурап түшкөн.

Мындан сырткары Чангет-Сай дарыясынын денгээли көтөрүлүп Барпы айыл аймагында Чокмор айылындагы турак үйлөрдү каптаган.

Учурда жеринде КР ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын, Сузак райондук ӨК бөлүмүнүн ыкчам топтору жана 77 куткаруучу, техникалардын 3 жүктөгүч, 1 самосвал, 1 грейдер, 1 манипулятор, 1 манипулятор, 2 трактор МТЗ-80 тартылып кырдаалды жоюу иш-чараларын жүргүзүшүүдө.

Мындан сырткары Миң-Өрүк айылынан 15 үй бүлөө жана Кара-Жыгач айылынан 20 үй бүлөө эвакуацияланган. Кошумча маалымат берилет.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button