Президент Садыр Жапаров Москвада ЖККУнун саммитине катышат

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров төрагалык кылуучу тарап — Армениянын чакыруусу менен 16-майда, Москва шаарында (Россия Федерациясы) өтүүчү Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө-мамлекеттердин саммитине катышат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чаранын жыйынтыгында Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун 30 жылдыгына байланыштуу ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин билдирүүсүн кабыл алуу күтүлүүдө.