Саясат
Садыр Жапаров ЖККУ саммитине катышуу үчүн Москвага келди
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров кечээ, 15-майда, Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын жолугушуусуна катышуу үчүн Москвага келди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Мамлекет башчынын учагы «Внуково 2» эл аралык аэропортуна конду.
ЖККУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын юбилейлик жыйыны бүгүн 16-майда өтөт. Иш-чара Жамааттык коопсуздук келишиминин 30 жылдыгына жана ЖККУнун 20 жылдыгына арналган.