Садыр Жапаров Москвадан Абу-Даби шаарына багыт алды

Президент Садыр Жапаровдун Орусияга болгон иш сапары аяктады. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

Мамлекет башчысы иш сапары аяктаган соң бүгүн, 17-майда БАЭ президенти Халифа бин Заид Аль Нахаяндын каза болгондугуна байланыштуу аза күтүү иш-чараларына катышуу үчүн Москвадан Абу-Даби шаарына (Бириккен Араб Эмираттары) багыт алды.