Бельгияда карантин. Маймыл чечек оорусу катталган адамдар катталды

Бельгияда маймыл чечек оорусу менен ооруган 3 адам катталган соң өлкө бийлиги карантин жарыялады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, маймыл чечек оорусунан улам өлкөдө 21 күнгө милдеттүү карантин жарыяланган. Эми бул ооруну жуктуруп алган үч бейтап 3 жума изоляцияда болушат. Ал эми алар менен байланышта болгон адамдар азырынча изоляцияга алынган жок, бирок өз алдынча оорунун симптомдорун байкоого кеңеш берилген.

Акыркылардан болуп Швейцария, Аргентина, Израиль жана Австрия өлкөлөрү өз аймагында маймыл чечек оорусунун чыгышын тастыкташкан. Жалпысынан алганда, азыркы учурда 15 өлкөдө маймыл чечек оорусу чыкканы белгилүү. Ал эми жалпысынан бул оору менен 92 адамдын ооруганы тастыкталып, 28и текшерүүдөн өтүүдө.

Буга чейин бул оору АКШ, Канада, Австралия, Испания, Италия, Португалия, Франция, Улуу Британия, Германия, Швеция жана Бельгия өлкөлөрүндө катталган.