Ысык-Көлдө мыйзамсыз балык уулап жаткан жаранды милиция кызматкерлери кармашты

Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын туристтик-экологиялык милиция кызматкерлери тарабынан Ысык-Көлдүн акваториясында мыйзамсыз балык уулоо фактыларынын алдын алуу жана аныктоо боюнча рейддик иш-чаралары улантылууда.

Кечээ, ушундай иш-чаранын жүрүшүндө, облустук милициянын аталган кызматынын кызматкерлери тарабынан Ой-Тал айылындагы көл жээгинен, жергиликтүү тургун Т.В. мыйзамсыз балык уулап жаткан жеринен кармалды. Кармалган жарандан 16 даана «Судак» балыгы жана 100 метр узундуктагы «Перемет» кармоочу куралы алынган.

Бул факты Түп РИИБдин маалымат электрондук журналына катталып, юридикалык баа берүү үчүн материалдар райондук милициянын тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Мындан тышкары, келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо максатында, Мамэкотехинспекциянын Каракол шаары, Түп, Ак-Суу, Жети-Өгүз райондору боюнча башкармалыгына тиешелүү материалдар жөнөтүлдү.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 24-июнундагы No 410 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын сууларында эс алуу жана спорттук балык уулоо эрежелеринин 4-бөлүгүнүн 16-пунктуна ылайык, «Перемет» балык кармоого тыюу салынган түрлөрүнө кирет.

Перемет – ырайымсыз балыкты кармоо түрүнө кирип, алардын урук чачуусуна өзгөчө тоскоол болот. Түзүлүшү боюнча, балык улоочу көп илгичтери коюлган узун боо түрүндө. Бирок илгичтерге жем салынбайт. Анын жанынан өтүп бараткан балыктар капталдары менен курч илгичтерге илинип калышат. Мындай балык улоонун түрүнөн жабыркаган балыктардын ички түзүлүшү бузулуп чирип, ооруп өлөт, – деп билдирди Ысык-Көл ОИИБнин Басма сөз кызматынан.