Коом

ВИДЕО: Чүйдө 15 жаштагы кызга жыныс мүчөсүн көрсөткөн эркек кишинин видеосу тарады

Москва районунда эркек киши жашы жете элек  кызга жыныстык мүчөсүн көрсөткөн. Видео социалдык тармактарга тарады. Окуя боюнча Чүй ОИИБден маалымат беришти. 

Маалыматка караганда, март айынын аягында дүкөнгө эркек киши кирип, андан соң 15 жаштагы сатуучу кызга жыныстык мүчөсүн көрсөткөнү тууралуу милицияга билдирүү түшкөн. Аталган факты каттоого алынган. 

Милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү 1987-жылы туулган жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Кийинчерээк Москва райондук соту аны үй камагына чыгарган. Милициядан белгиленгендей, апрель айынын аягына чейин Москва РИИБ тарабынан иликтөө иштери жүргүзүлгөн. 29-апрелде прокуратура текшерүү жүргүзүп жаткан. Учурда тергөө иштери аяктап, иш материалдары кийинки өндүрүшкө сотко жөнөтүлгөн.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button