Дүйнө

Казакстанда эне 5 баласын таштап, акча түшчү карточкаларын да алып кетти

Казакстандын Кызылорда облусунун Сырдарыя районунда эки айга жакын убакыттан бери 5 жаш бала апасы таштап кеткендигине байланыштуу тамак-ашсыз калышты. Бул тууралуу Казакстандын жергиликтүү басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, аял балдарды атасына таштап, облус борборуна жакшы жашоо издеп кеткен. Ошол эле учурда ал балдардын жөлөк пулун жана 10 жаштагы уулунун майыптыгы боюнча пенсиясын алган бардык карталарын тартып алган.

Жергиликтүү басылманын жазганына караганда, балдарын таштап кеткен эне спирт ичимдигине берилип кеткен.

«Беш баламдын апасы жөнүндө минтип айтуу оңой эмес, бирок бул чындык, дээрлик бир жыл бою ал аябай өзгөрүп, ичип, тамеки чегип, үйгө токтобой калган. Ошол эле учурда ал өзү менен чогуу балдарыбыздын майыптыгы үчүн акча түшө турган бардык банк картаны алып кеткен. Бул болжол менен 200 миң теңге. Ал буга чейин 10 күн жок болуп, кайра келип үйдө эки күн жатып, кайра качып кетти. Андан эки айдан бери кабар жок», — деген балдардын атасы.

Балдардын атасы учурда жумушсуз экенин, бардык убактысы бала кароого кетип жатканын билдирген.

Өз кезегинде райондук билим берүү бөлүмү эненин ата-энелик укугун чектөө боюнча райондук акимчиликтин алдындагы өспүрүмдөр иштери боюнча комиссияга сунуш киргизгенин билдирген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button