Кыргызстан күйүүчү майды Россиядан рубль менен сатып ала баштады

Кыргызстан күйүүчү майды Россиядан рубль менен сатып ала баштады. Бул туурасында Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жетекчиси Кенешбай Тайлаков парламентте билдирди.

“Бүгүнкү күндө биздин нефтетрейдерлердин 70 пайызы рубль, 30 пайызы доллар түрүндө алып жатат. Мындай тартипте сатып алуу башталганына 20 күн болуп калды”, — деди Тайлаков.

Ал эми депутат Дастан Бекешев доллар кымбат кезинде күйүүчү майды доллар менен, арзандаса рубль менен сатып алуу келишимине нааразычылыгын билдирди.

“Бул жагы кызык болуп жатат. Буга чейин рубль менен алалы десек Россия макул болбой жатат дегенсиңер”, — деди депутат.

Ошондой эле Тайлаков Россияда күйүүчү майга ички рынок үчүн төмөн, экспортко жогорку баа коюлганын айтты. Ал бүгүн саат 14:00дө ЕЭК министрлеринин жыйыны болорун, анда экспорттук баанын жогору болушу тууралуу маселе көтөрөрүн кошумчалады.