Коом

Россиянын айрым телеканалдары Кыргызстандан убактылуу көрсөтүлбөйт

Россиянын айрым телеканалдары Кыргызстандын аймагында көрсөтүүлөрүн убактылуу токтотту. Бул тууралуу Акнет компаниясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бир катар өлкөлөрдө россиялык телеканалдардын иштөөсүнө мыйзамдык чектөөлөр кабыл алынган. Буга байланыштуу эл аралык спутниктерде ВГТРК телеканалдарын көрсөтүү бир тараптуу түрдө жабылды.

Ушул себептен улам Кыргызстанда «Россия культура», «Россия 24» жана «Звезда» телеканалдардын көрсөтүүсү убактылуу иштебейт.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button