УКМК: Атайын кызмат Бишкектеги №21- мектеп-интернаттын жана Республикадагы балдардын социалдык мекемелериндегилерди майрамы менен куттуктады

2022-жылдын 1-июнунда, Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата Кыргыз Республикасынын УКМК төрагасы генерал-лейтенант К.К.Ташиевдин жана жетекчиликтин атынан офицердик жыйын Бишкек шаарындагы угуусу начар жана кеч уккан балдар үчүн №21-адистештирилген мектеп-интернатындагы жана эки бала-бакчадагы тарбиялануучуларды куттуктады.

УКМКнын офицердик жыйыны №21-мектеп-интернатынын жалпы жамаатын жана окуучуларды салтанаттуу маанайда 1-июнь балдарды коргоо күнү менен куттуктап, чың ден соолук, окууларына жетишкендиктерди каалады. Андан соң УКМКнын өздүк курамынын атынан майрамдык белектер тапшырылды.

Мектеп-интернаттын тарбиялануучулары жакшы каалоо-тилектерин айтышып, майрамдык программасын көрсөтүштү.

Жолугушуунун аягында, аталган мекемеге ар тараптуу колдоо көрсөтүү максатында актуалдуу көйгөйлөр талкуланды.

Ушундай эле иш-чара УКМК жетекчилигинин алдында Республиканын баардык областтарындагы балдардын социалдык мекемелеринде өткөрүлдү.

№21-мектеп-интернатынын жана балдардын социалдык мекемелеринин жетекчилиги колдоо көрсөткөндүгү жана белектер үчүн УКМКнын жетекчилигине жана бардык кызматкерлерине терең ыраазычылык билдиришти.