УКМК Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча маалымат берди

2022-жылдын 3-июнунда мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде курал колдонуу менен окуя болду.Бул тууралуу УКМКнын Басма сөз борбору билдирди.

Кыргызстандын чек ара кызматкерлери Баткен районунун Булак-Башы тилкесинде кызмат өтөп жатып, шарттуу чек ара сызыгын мыйзамсыз кесип өтүп, Кыргызстандын аймагына кирип келген Тажикстандын чек арачыларын байкашкан.

“Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгып кетүү боюнча мыйзамдуу талаптарды эске албай, тажик чек арачылары Кыргызстандын аскер кызматкерлерине ок чыгарган. Эки өлкөнүн чек арачыларынын ортосунда кагылышуу чыгып, тажик тарап миномёт курал-жарагын колдонду”.

2022-жылдын 3-июнунда саат 14:15те ок атышуу токтотулду, эки тараптан тең жарадар болгондор бар.