Коом

Жалал-Абадда катуу шамалдан 8 машина, 33 турак жайдын чатыры заянга учурады

Жалал-Абад шаарынын аймактарында катуу шамал 33 турак үйдүн чатырын учуруп кетти.

ӨКМнын маалыматына таянсак, шамалдын кесепетинен шаардагы 8 турак үйдүн, 19 көп кабаттуу үйлөрдүн, 6 социалдык объектилердин чатырлары зыянга учураган.

Ошондой эле дарактар жана жарнамалык банерлер кулап 8 унааны басып калган. Мындан тышкары электр зымдары үзүлгөн. Жабыр тарткан жарандар жок.

Куткаруучулар тарабынан үйлөрдүн чатырлары коопсуз жайга түшүрүлүп, дарак басып калган унаалар чыгарылган.

Электр энергиясын калыбына келтирүү иштери улантылууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button