Эрдоган Швециянын коргоо министрин кызматтан алууну талап кылды

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Швециянын премьер-министри Магдалена Андерссондон Швециянын коргоо министри Питер Хультквистти кызматтан алууну талап кылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, түрк лидеринин мындай талабы 10 жыл Хультквист Күрдистан жумушчу партиясын жана анын камактагы лидери Абдулла Оджаланды даңктаган деген имиштерге байланыштуу болгон.

Бул маселе Швециянын НАТОго кириши боюнча эки өлкөнүн өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрүндө көтөрүлгөндүгү такталган.