Саясат

Атамбаевди текшерген медиктер ага операция жасалышы керектигин айтышкан

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев медициналык кароодон өтүп, дарыгерлер ага «эки операция жасоо зарыл» деген корутунду чыгарды. Бул тууралуу Атамбаевдин үй-бүлөсү тараткан маалыматта айтылат.

Алар Атамбаевдин ден соолугу абакта отурган үч жылда кескин начарлап кеткенин белгилешти. Ошондой эле Жаза аткаруу кызматынын кызматкерлери 23-мартта аны күчкө салып сотко алып келгенде омурткасын жабыркаганын айтышууда.

«Медициналык текшерүүнүн жыйынтыгында Барреттин тамак түтүгү диагнозуна жана бейтаптын абалына байланыштуу эки операция жасатуу сунушталды. Тилекке каршы, аны биздин өлкөдө жасоо мүмкүн эмес. Азыр сунуштап жаткан дарылар ооруну убактылуу гана басаңдатып, ага көнүп калууга алып келет. Дарылоонун башка ыкмасын издеш керек. Буга чейин сот медициналык кароодон өткөрүүгө уруксат берди. Эми биз Атамбаев толугу менен дарыланып, тиешелүү процедуралардын жана операциялардын баары жасалышына жетишишибиз керек. Бул ирет бийлик дарыгерлердин чыгарган корутундусуна тоскоол болбойт деп үмүт артабыз», — деп жазылат кайрылууда.

Алмазбек Атамбаев Молдовановка айылындагы №27 түзөтүү колониясына киргизилген. Ал 25-майда ден соолугу начарлаганына байланыштуу Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборуна жаткырылган болчу.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button