ВИДЕО: Бала сууга кантип чөгүп кетет? Адистин пикири

Адам баласы сууга кантип чөгүп кетет? Бул тууралуу атайын адис пикири менен бөлүшкөн.

Адистин айтымында 15 жашка чейинки  балдардын өлүмүндө 2-орунда сууга чөгүу болуп эсептелет. Биринчи орунга авария, жол кырсыгы, машина сүзүп кетүү өлүмү турат. Бул абдан өкүнүчтүү статистика.

Тилекке каршы 50 %дан ашыгы ата-энесинин, тарбиячыларынын,  жанында коштоп жүргөн чоң адамдардын көзүнчө  10-20 метр аралыкта эле сууга чөгүп кетет.

Себеби, балдарды коштоп жүргөн чоң адамдар бирдеме болсо алар кыйкырат, чакырат деп ойлоп, аларга анчалык деле көңүл бурушпайт да  башка иштерин жасап, же жээкке отура беришет. Бирок,  тилекке каршы бала чөгүп жатканда өпкөсунө суу кирип кетет да,  дем ала албай, кыйкыра да албай калат. Балким  колдорун да жаңсайт деп ойлошот, бирок анте да албай калат.

Ушундай кырдаалда эмне кылуу керек? Адистин пикирин бул видеодон көрүңүздөр: