Ошто кылмыштардын бетин ачуу статистикасын көбөйткөн милиционерлерге 9 иш козголду

Ош шаардык прокуратурасы тарабынан Кыргызстандын жарандарынын жеке маалыматтарын мыйзамсыз пайдалануу менен кылмыш иштеринин далилдерин жана процесстик документтерди бурмалоо боюнча көптөгөн фактылар аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош шаардык милициясынын кызмат адамдары жарандардын жеке маалыматтарын мыйзамсыз пайдалануу менен алардын атынан «Кылмыштырдын бирдиктүү реестри» автоматташтырылган маалыматтык системасына жалган маалыматтарды киргизип, кылмыш жөнүндө жасалма билдирүүлөрдү жасашкан жана алар боюнча жасалма кылмыш иштерин козгошкон. Бул аракет аркылуу алар кылмыштардын бетин ачуунун көрсөткүчтөрүн жасалма түрдө жогорулатууну максат кылышкан.

Андан соң, бул кылмыш иштери боюнча тергөө аракеттеринин документтери (сурак протоколдору, жабырлануучу деп таануу жөнүндө чечим) түзүлүп, кийинчерээк жабырлануучулардын жеке-ачык айыптоону колдоодон баш тартуу жөнүндө жасалмаланган жалган арыздарынын негизинде токтотулган.

Мындан сырткары, милиция кызматкерлери уурулук беренеси менен айыпталгандарды көндүрүп, мурда бети ачылбаган кылмыш иштерди алардын мойнуна “илип”, андан соң жабырлануучулардын айыптоону колдоодон баш тартуу жөнүндө жасалма билдирүүлөрү боюнча ал иштерди токтотушкан. Ошону менен милиция кызматкерлери кылмыштардын бетин ачуу статистикасын көбөйтүшкөн.

Бул фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) боюнча Ош ШИИБнин кызмат адамдарына карата 9 кылмыш иши козголду.

Учурда Ош шаардык прокуратура тарабынан тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.