Коом

УКМК: Жумгал районунун судьясы УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди

КР УКМК жана КР Башкы прокуратурасы менен биргеликте опузалап талап кылуу  жана акча каражатын алуу фактысы боюнча катталып козголгон кылмыш ишинин алкагында, Жумгал районунун судьясы А.А.М. жана  Жумгал районунун прокурорурасынын орун басары О.Ж.К. акча каражатын алып жаткан жеринен кармалышкан.

Буга байланыштуу, 2022-жылдын 23-майында судья А.А.М. карата мындан ары кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (Пара талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

2022-жылдын 10-июнунда Кыргыз Республикасынын судьялар Кеңеши КР Башкы прокуратурасынын судья А.А. кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча сунушун канааттандырган.

2022-жылдын 17-июнунда Кыргыз Республикасынын Президенти Жапаров С.Н. жарлыгы менен судья А.А. кызматынан убактылуу четтетилген.

2022-жылдын 21-июнунда судья А.А. тергөө иштери бүткүчөктү КР УКМК тергөө камак жайына камоо боюнча баш коргоо чарасы каралган.

Мурдарак, прокурордун орун басары О.Ж.К. 2 ай мөөнөткө КР УКМК тергөө камак жайына киргизилген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button