Ошто “Хизб ут-Тахрир аль-Ислами” экстремисттик уюмунун активдүү мүчөсү кармалды

2022-жылдын 20-май күнү, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын экстремизмге мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын   ыкчам кызматкерлери тарабынан “Ади”  аттуу каймана аты бар атуул тарабынан  интернет тармагы аркылуу Кыргыз Республикасынын аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган “Хизб ут-Тахрир аль-Ислами” экстремисттик уюмунун катарына кошулуусуна активдүү  үгүттөө иштерин алып барып,   уюмдун  материалдарын жайылтып жүргөндүгү аныкталган.

Бул факты боюнча, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренеси менен кылмыш иши козголгон.

“Экстремист” аталышындагы атайын операциясынын жүрүшүндө бул  атуулдун өздүгү  жана жашаган жери аныкталган. Ал Ош шаарынын   тургуну,    1978-жылы туулган  Х.И. аттуу жаран экендиги аныкталып, кармалган.  Ал “Хизб ут-Тахрир аль-Ислами” экстремисттик уюмунун активдүү мүчөсү  болгон.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө ага таандык болгон бир нече уюлдук телефондорундагы,  интернет тармагындагы өздүк  баракчаларындагы    сакталган материалдарга карата тиешелүү экспертизалар дайындалган. Диний жана лингвистикалык  экспертиза кызматынын эксперттеринин берген корутундуларына ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган “Хизб ут-Тахрир аль-Ислами” диний-экстремисттик уюмуна таандык материалдар жана чакырыктар бар экендиги экендиги аныкталган.

Азыркы учурда, Х. И. кылмышка шектүү катары Ош ШИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди  жана анын кылмыштуу байланыштарын боюнча ыкчам-тергөө иш-аракеттери улантылууда, – деп айтылат Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирген маалыматта.