Миллиард доллар киреше тапкан «Титаник» тасмасынын жаңыланган версиясы чыгат

Режиссёр Жеймс Кэмерон тарткан «Титаник» тасмасынын 25 жылдык юбилейине арналган жаңыланган версиясы экранга чыгары маалым болду.

Аталган тасманын жаңыланган версиясы 3D 4K HDR форматта, 2023-жылдын 14-февраль — Сүйүшкөндөр күнүнө карата чыкмакчы.

Кейт Уинслет менен Леонардо Ди Каприону дүйнөлүк жылдызга айланткан тасма 1997-жылы экранга чыккан. Тасма жалпы 11 «Оскар» сыйлыгын алган. «Аватар» тасмасы чыкканга чейин дүйнөдөгү кирешелүү кассалык тасмалардын сап башында турган. «Титаник» сатыктан жалпы 2,2 миллиард доллар киреше тапканы маалым.