Маданият
Кыргызстанга америкалык ырчы Мадоннанын хореографы келди
Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров Fusion Concept Festival — заманбап бий боюнча дүйнөлүк чемпиондуктун тандоо турунун уюштуруучуларынын бири Жан Воинов жана чет элдик коноктор — иш-чаранын уюштуруучулары Канон Зузоа жана америкалык ырчы Мадоннанын хореографы Марвин Гофин менен жолугушту.
Шаардык мэриядан билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө уюштуруучулар ири иш-чараны өткөрүүгө көрсөткөн жардамы үчүн муниципалитетке ыраазычылык билдиришкен.
25-июнда «Дордой Плаза» соода жана оюн-зоок борборунда өтө турган тандоо туруна КМШ өлкөлөрүнөн келген бардык каалоочулар катышат.
Иш-чаранын жыйынтыгы менен Парижде өтүүчү Fusion Concept Festival фестивалында Кыргызстандын атынан чыга турган 2 күчтүү бийчи аныкталат.