Ырчы Юрий Шатунов жубайына жана балдарына кандай мурас калтырды – ФОТО

Легендарлуу “Ласковый  май” тобунун мурдагы солисти Юрий Шатуновдун жүрөгү токтоп, кечээ 49 жашка чыкпай каза болду.   Ырчынын күйөрмандар кайгылуу кабарды өкүнүү менен кабыл алышты деп жазды чет  элдик ЖМК басылмалары.

Юрий Шатуновдун өлүмүнүн себеби – инфаркт деп айтылууда. Музыканттын жакындары жана кесиптештери  анын эмне себептен тез эле каза болуп калганына азыркыга чейин ишенбей жатканын айтышууда. Себеби, ал мурунку күнү эле келечектеги пландарын талкуулап, көңүлдүү, күлүп-жайнап, шайыр , дени сак болуп көрүнгөнүн айтышты.    

Юрий Шатунов өз доорунун уникалдуу ырчыларынын бири болгон.  Ал балдар үйүндө чоңойгону белгилүү. Жакыр үй-бүлөдөн чыккан  Юра  бир ыры менен эле  бир түндө өлкөнүн башкы жылдызына айланган. Ошол учурда  “Ласковый майдын” концертинде күйөрмандары батпай,  сатыкка билет да калбай,  Юра ырдап жатканда кубанып, кыйкырып, ыйлаган да учурлар болгон.

80-жылдардын легендасы атыккан Шатунов акыркы күндөргө чейин дүйнөнү кыдырган гастролдорун уланткан. Чыгармачылык ишмердүүлүгүнүн жылдарында Шатунов  аялы жана эки баласы менен  жакшы жашоо үчүн жетиштүү акча табууга жетишкен.

Шатуновдун артында калган мурасы – эки батир жана бир үйдөн турат. Биринчи кыймылсыз мүлкү – Мокванын так борбордук көчөлөрүндө жайгашкан бир комнаталуу квартира, аны жетим бала катары мектеп-интернатты аяктагандан кийин алган. CIAN маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө Москванын Кантемиров көчөсүндөгү бир бөлмөлүү батирдин орточо баасы 11 миллион рублди түзөт.

Мүлктүн экинчи бөлүгү – Сочидеги Разин мейманканасындагы люкс  квартира.  Ага мурдагы продюсери жана мейманкананын ээси Андрей Разин 2016-жылы белекке берген. CIANда Сочинин бул кичи районундагы аянты 60 чарчы метр болгон эки бөлмөлүү батирлердин баасы 15 миллионго жакын деп баалаган.

Ал эми Шатуновдун  мурасынын эң таасирдүү компоненти бул Мюнхендеги особняк. Аны  Юра гостролдоп жүрүп, турлардын аркасында тапкан. Бул особнякта ал үй-бүлөсү менен акыркы жыйырма жыл жашаган.

Германияда кыймылсыз мүлктү тандоо кокусунан эмес.  90-жылдары  ырчы «Ласковый майдан” кетип, чет мамлекетке мигрант катары чыккан. Чет өлкөдө жүрүп,  Шатунов  сүйүктүүсү менен таанышкан.  Анын сүйүктүүсү Светлана Шатуновдун чыгармачылык ишмердүүлүгү менен тааныш эмес болгон жана шоу-бизнес менен байланышы жок эле.

2006-жылдын сентябрь айында жубайлар Деннис аттуу тун балалуу болушкан. Ал эми бир жылдан кийин гана, 2007-жылы, түгөйлөр Франкфурт-на-Майнеде баш кошушкан. Беш жылдан кийин алардын кызы Эстелла төрөлгөн.

Юрий Шатуновдун үй-бүлөсүнө калтырган мурасы эки квартира жана чет өлкөдөгү особняк деп жазышууда Россиянын ММК булактары.