Сулайман-Тоодон боюн таштоого аракет кылган кыз куткарылды

Ош шаарында Сулайман-Тоодо өз жанын кыюуга аракет кылган кыз куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 24-июнда саат 19:27де ӨКМдин Ош шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматына Сулайман-Тоодо кыз жардан боюн таштоого аракет кылып жатканы боюнча маалымат түшкөн.

Жерине 4 куткаруучу тартылып, өз жанын кыюуга аракет кылган кызды альпинисттик куткаруучу шаймандардын жардамы менен аман сактап калышты.

Такталган маалыматка ылайык, куткарылган кыз 27 жаштагы Төлөйкөн айылынын тургуну экендиги аныкталды.