Владимир Путин Тажикстанга барат

Россиянын президенти Владимир Путин ушул жуманын ичинде Тажикстанга барат. Бул тууралуу “Россия 1” каналынан көрсөтүлгөн “Москва. Кремль. Путин” берүүсүндө кабарланды.

“Путин алгач Душанбеге барат. Ал жактан Тажикстандын президенти (Эмомали Рахмон – ред.) менен сүйлөшүп, жумушчу түштөнүү болот”, – дешти программадан.