Без рубрики

ВИДЕО: Уурдалган автоунааны тетиктерге бөлүп, сатууну көздөп жаткан жаран кармалды

Ош шаардык ички иштер башкармалыгына 2022-жылдын 27-июнь күнү 1981-жылы туулган шаар тургуну арыз менен кайрылган. Ал арызда Ош шаарынын Исхак Раззаков көчөсүндө орун алган үйүнүн короосуна токтотуп койгон, өзүнө таандык болгон «Дэо-Тико» үлгүсүндөгү автоунаасын белгисиз жаран укукка жат түрдө ээлеп алуу максатында уурдап, белгисиз тарапка айдап кеткендигин билдирген.

Аталган окуя Ош ШИИБна КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренесинин  (Автомототранспорт каражаттарын айдап качуу) белгилери менен кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү жаранды издөө иш-чаралары жүргүзүлүп келген.

Ош ШИИБнын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында, 7-июль күнү бул кылмыша тиешеси бар деген шек менен Ош облусунун Кара-Суу районунун 1994-жылы туулган Х.Р аттуу жаран кармалып, үйүнө тинтүү жүргүзгөн учурда жабырлануучуга таандык болгон «Дэо-Тико» үлгүсүндөгү автоунаа тетиктери чачылган абалда табылган.

Шектүүгө алгачкы сурак ишин жүргүзгөн учурда,  уурдаган автоунааны тетиктерге бөлүп сатарын айткан.

Бүгүнкү күндө шектүү Ош ШИИБнын убактылуу кармоочу жайына камака алынып,  иликтөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Тергөөнүн жүрүш менен кошумча маалымат беребиз, — деп билдирди Ош ШИИБнын басма сөз кызматынан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button