Окуялар
Ошто 2 жаштагы бала дааратканага түшүп кеткен
Ошто 2020-жылы туулган бала дааратканага түшүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсык Лесная көчөсүндө жайгашкан үйдө болгон. Дааратканага 2020-жылы туулган бала түшүп кеткен. Жерине Ош шаардык куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылып, баланы аман-эсен чыгарышып, Тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Абалы жакшы.