ДССУ: Европада коронавирустун жаңы учурларынын саны үч эсеге көбөйдү

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) Европадагы коронавирустун жаңы толкунуна байланыштуу чара көрүүгө үндөдү. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

ДССУ Европа бюросунун башчысы Ханс Клюге омикрон штаммынан улам Европада коронавируска чалдыгуу толкуну кайрадан башталганын билдирет. Ал Европа өлкөлөрүн калкты эмдөөнү көбөйтүүгө, ошондой эле кайрадан беткап тагынууга кайтууга чакырды.

ДССУнун маалыматы боюнча, коронавирустун омикрон штаммы дагы эле үстөмдүк кылууда. Акыркы алты жуманын ичинде Европа аймагында COVID-19дун жаңы учурларынын саны үч эсеге көбөйдү жана ошол эле мезгилде ооруканага жаткырылгандардын саны эки эсеге өстү. Уюм улгайган адамдардын арасында бейтаптардын саны өсүп жана Европада жума сайын үч миңге жакын адам COVID-19дан каза болуп жатканын белгилейт.

Бул өңүттө ДССУ COVID-19 үчүн күз-кыш стратегиясын сунуштоону чечти. Клюге белгилегендей, эгерде күзүндө аракет башталса, анда өтө кеч болуп калышы мүмкүн.

Уюмдун сунуштары төмөнкүлөрдү камтыйт:

– калктын эмдөө менен камтылышын жогорулатуу;
– вакцинанын акыркы дозасын алгандан үч айдан кийин беш жаштан жогорку курактагы иммунитети төмөндөп кеткен жана коркунуч тобундагы адамдарга экинчи жогорулатуучу дозаны саюу;
– имараттын ичинде жана коомдук транспортто беткап тагынууну өбөлгөлөө;
– эл көп чогулган жана коомдук жайларды (мектептерди, кеңселерди, коомдук унааны) желдетүү;
– Оорунун оор түрүнө чалдыккандар үчүн “катуу терапиялык протоколдорду” иштетүү.