Коом

Ошто сокур ичегиси жарылган өспүрүм кыздын өлүмү боюнча дарыгерлер суракка чакыртылды

Ошто сокур ичегиси жарылып көз жумган кыздын өлүмү боюнча 14 адам суракка чакыртылды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, бул окуя боюнча кыздын туугандарынын бири Араван райондук прокуратурасына арыз менен кайрылып, Араван райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун дарыгери жана Араван райондук дарыгерлердин жалпы практикалык борборунун (ЖПДБ) кызматкерлерине карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү өтүнгөн.

«Арыз Араван РИИБине жиберилип, Бирдиктүү реестрге катталып, териштирүү иштери жүргөн. Анын алкагында Араван райондук ЖПДБдан, Араван үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунан, Ош облустук балдар ооруканасынан керектүү документтердин көчүрмөлөрү алынып, Бишкек шаарына соттук-медициналык экспертизага жөнөтүлгөн», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Оштун Араван районунда 7 жаштагы кыздын сокур ичегиси жарылып каза болгону айтылган.  Маркумдун апасы Уулкан Адинаева билдиргендей, 5-июлда кызынын абалы начарлай баштаганынан Тез жардам кызматына кайрылышкан. Бирок Тез жардам кызматы жеткинчектин денесин ным сүлгү менен сүртүп, парацетамол берүү керектигин айтып, өздөрү келген эмес. Аймактык үй-бүлөлүк дарыгер болсо «кызыңар тамак-аштан ууланышы мүмкүн» деп асма укол коюп, дары жазып берген. 7-июль күнү кыздын ич оорусу басылбай райондук ооруканага алып барышкан. Текшерүү учурунда анын аппендицит болгону аныкталып, ооруканада наркоз жок болгондуктан Ош шаарына жөнөтүлгөн. Ал жакта кызга операция жасалганы менен бир нече убакыттан кийин абалы начарлап көз жумган. Бул иш боюнча медиктерге сөгүш жарыяланып, бирок эч ким жумуштан алынган эмес. Ошондой эле атайын комиссия түзүлүп, корутундусу министрликке жөнөтүлгөн.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button