Коом

Жети-Өгүз районунда сууну булгап жаткан мал союлучу жай аныкталды

25-июль күнү рейддин жүрүшүндө Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын туристтик- экологиялык милициясынын кызматкерлери тарабынан Жети-Өгүз районунун Саруу айыл аймагында жайгашкан Ысык-Көл айылында жакында ачылган мал союучу жайды аныкташкан. Милиция кызматкерлери жайды текшерүү жүргүзгөн учурда калдыктардын бир бөлүгү – союлган малдын каны-жини түтүкчө аркылуу агын сууга агып, ал болсо Ысык-Көлгө кошуларын аныкташкан.

Аталган факт Жети-Өгүз РИИБдин маалымат электрондук журналына катталып, аталган мал союлучу жайга тергөө-ыкчам тобу алгачкы териштирүү иштерин жүргүзүүгө барган.

Касапкананын ээси 32 жаштагы С.Ж.нын айтымында, аталган жай болгону эки ай мурун ачылган. Негизинен өзүнүн малын союп, этин сатуу менен алектенет. Малдын кан-жини жана калдыктары үчүн атайын чуңкур жасалган, бирок калдыктардын бир аз бөлүгү касапкананын аймагына төгүлөрүн. Бирок, жакында суу көтөрүлгөндөн улам малдын кан-жини сууга агып кеткендигин түшүндүргөн.

Учурда Жети-Өгүз РИИБдин тергөө кызматы тарабынан кийинки юридикалык баа берүү менен текшерүү иштерин жүргүзүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button