Окуялар
Бишкекте кырсыктаган бус жүргүнчүлөрү менен кошо оодарылып кетти

Бишкек шаарында эртең менен Юнусалиев менен Сухэ Батор көчөлөрүнүн кесилишинде жүргүнчүлөрү бар маршрутка жеңил автоунаа менен кагышып, оодарылып кетти.
Маалыматта №105 маршруткада бараткандардын ичинен төрт кишинин жаракат алганы айтылды. Кайгуул милициясынын маалымат катчысы Байказы Айтикул уулунун айтымында, микроавтобус чыгышты көздөй баратып, жолдун кесилишинде Volkswagen Passat менен кагышкан.



