Маданият

Бишкекте “Оймо” фестивалы старт алды

Бишкекте «Оймо» эл аралык кол өнөрчүлөрдүн фестивалды расмий ачылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын ачылышына мадания. министри Азамат Жаманкулов жана ата- мекендик жана чет өлкөдөн келген кол өнөрчүлөрдүн жоон тобу катышты.

Өз сөзүндө Азамат Жаманкулов “Оймо” фестивалынын негизи максатына кайрылып, кол өнөрчүлөрдүн башын бириктирип үзгүлтүксүз негизде өтүп жатканына маани берди.

Ошондой эле, министр коомдо маалыматтык технологиялар өнүгүп жатканда, кол өнөрчүлөр нукуралыгын сактап жатканын, эл аралык аянтча катары белгилүү болуп калган маданий туризмдин бири катры калаптанып калганын баса белгилеп, аталган фестивалды уюштурууга көмөк көрсөткөн бардык тараптарга ыраазычылык, ал эми катышуучуларга ийгилик каалап өттү.

“Оймо” эл аралык фестивалы маданий мурастарды сактап калуу, салттуу билимдердин муундан-муунга өтүүсүн жандандыруу, Кыргызстандагы кол өнөрчүлүктү өнүктүрүү максатында өтүп келет.

Фестиваль мамлекеттик-жеке менчик өнөктөштүктүн негизинде материалдык эмес маданий мурасты сактоонун жана Кыргызстандагы маданий туризмдин өнүгүүсүнүн үлгүсү болуп саналат.

Эске салсак, фестивалдын алкагындагы көргөзмө Бишкек шаарында 28-31-июль күндөрү Уркуя Салиева атындагы сейил багында, ал эми Чолпон-Ата шаарында 2-5-август күндөрү “Рух- Ордо” маданий комплексинде өтмөкчү.

Иш-чара быйыл 16-жолу өтүп жатат.

 

 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button