Бишкекте дагы бир дубал сүрөтү пайда болду

Бүгүн, 2-августта Биринчи Май районунда Чүй кең көчөсү менен Тоголок Молдо көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан имараттын фасадына тартылган муралдын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, мурал Кыргызстандын Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) 30 жылдыгынын урматына борбор калаанын тургундары жана коноктору үчүн белек болуп саналат.

Сүрөттө бейпилдик менен ачык асман, Тянь-Шань тоосунун бийиктигинде 21-кылымдын жаңы жашыл өнүгүүсү, «Манас» эпосунун жаңырыгы Кыргызстандын тарыхына таазим катары чагылдырылган.

Бишкек шаарынын мэриясы бул дубал сүрөтүн тартууга катышкандардын баарына терең ыраазычылык билдирет.