Билим берүү министрлиги китепканачылар күнүнө карата сынак жарыялайт

Билим берүү жана илим министрлигинин “Жаңы китеп” мекемеси китепканачылар күнүнө карата ачык сынак жарыялайт. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, сынак мектеп китепканачыларынын “Мен жана менин мектеп китепканам” экинчи форумуна катышуу үчүн мыкты мектеп китепканачыларын тандоо, мектеп окуучуларынын окуу процессинде мектеп китепканаларынын ролун өстүрүү, жаңы мектеп китепканачыларынын статусун жогорулатуу максатында өткөрүлүүдө.

Сынакка катышуунун шарттары жана тартиби:

  1. “Жаңы китеп” АИСтин толук толтуруу;

– жөндөөлөр – Профиль – китепканачы, директор, мектеп жана китепкана аянтынын маалыматтарын кошуу;

– класстарды башкаруу – бардык класс жетекчилерди, бардык класстарды кошуу (маалыматтын тууралыгы, толуктугу);

– китептердин фондусу – Колдонулган окуу китептерин кошуу, окуу китептеринин санын көрсөтүү;

– чыгаруу\ кабыл алуу – окуу китептерин класстарга таратуу, окуу жылынын аягында кабыл алуу;

– отчеттор – иш жүзүндөгү маалыматтарды, окуу китептеринин фондунун абалын текшерүү.

  1. “Китепканачылык иш” тестинен милдеттүү түрдө өтүү ( тест АИС Жаңы китеп- жеке кабинетинде жайгашкан).
  2. “Мен жана менин мектеп китепканам” темасы боюнча видео обзор, анда төмөнкүлөр камтылууга тийиш:

– китеп менен таанышуу (аты-жөнү, китепканада иштеген стажы);

– окуу адабияттарынын көркөм фондун, окуу бурчун ж.б. көрсөтүү менен китепканага видео обзор;

– 2022-окуу жылында жана жай мезгилинде мектеп китепканасын өнүктүрүү, мектеп окуучуларынын окуу жөндүмдөрүн жана окуу маданиятын өнүктүрүү (китеп ийримдери, фестивалдар, окуу лагерлери, көргөзмөлөр ж.б.) үчүн мектепте өткөрүлгөн иш-чаралар тууралуу маалымат;

– мектеп китепканасынын 2022-2023-окуу жылына карата иш планынын презентациясы;

– видео обзор 5 мүнөттөн ашпашы керек;

– аткарылган жумуштар janykitepkonkurs2022@gmail.com электрондук почтасына жөнөтүлүшү зарыл.

“Сынактын жеңүүчүлөрү баалуу белектер менен сыйланат! Сурап билүү телефону: 0556 60 80 10, 0776 60 80 10, 0706 60 80 10 же сайт аркылуу маалымат алсаңыз болот kitep.org.kg”, – деп айтылат маалыматта.