Москвада канализацияда каза тапкан кыргызстандыктар 20 жана 23 жашта болгон

Кыргызстандын Россиядагы элчилиги Москвада саркынды суу кеткен канализацияны тазалап жатып каза болгон кыргызстандыктар тууралуу маалымат берди.

Билдирүүгө ылайык, кырсыктан көз жумган жигиттер 23 жаштагы Б. уулу К. жана 20 жаштагы К. уулу Б. болгон. Бул окуя боюнча Москванын Люблино райондор аралык тергөө бөлүмү тарабынан өндүрүштүк ишти аткарууда коопсуздук эрежелерин бузуу беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Элчиликтин юристи кырсык болгон жайга жөнөп кеткен, маркумдардын туугандарын аныктоо боюнча ыкчам иштер жүрүп жатат. Аталган маселе дипөкүлчүлүктүн көзөмөлүндө.

Белгилей кетсек, кечээ, 7-августта, Москванын Люблино районунда 13 жумушчу саркынды суу кеткен канализацияны тазалап жаткан учурда катуу жамгыр жаап, суунун агымы көбөйүп аларды агызып кеткен. Бешөө коллектордон өз алдынча чыгып, дагы бешөөнү куткаруучулар чыгарган, үчөө ичинде каза болуп калган. Маркумдардын экөө кыргызстандык, бирөө тажикстандык экени белгилүү болду.