ИИМдин кызматкерлери сууга чѳгүп бараткан эже-сиңдилерди куткарып калышты

2022-жылдын 6-август күнү Ысык-Кѳл облусундагы «Алтын-Кѳл» пансионатында ИИМдин Атайын багыттагы полкунун 1-батальонунун 2-ротасынын кызматкерлери  Жалил уулу Шамил жана  Искендеров Темирлан сууга чѳгүп бараткан Бишкек шаарынын тургундары  32 жаштагы Г.Б жана 27 жаштагы М.Б аттуу эже-сиңдилерди куткарып калышкан.

Кѳл жээгинде эс алып жаткан бир туугандын бирѳѳсү сууга чѳгүп, аны куткарганы барган эжеси дагы чѳгүп жатканын ИИМдин Атайын багыттагы полкунун кызматкерлери байкап калып, ыкчамдуулук менен аракет көрүшүп, аларды аман-эсен куткарып калышкан.

Ѳз убагында ыкчам жардам кѳргѳзүп сууга чѳгүүдѳн куткарып калган милиция кызматкерлерине бир-туугандар ыраазычылык билдиришти, – деп айтылат ИИМдин Атайын багыттагы полкунун Басма сөз кызматынын маалыматында.