Россияда Кыргыз жараны унаасы менен адамдарды сүзүп кетип, кичинекей кыз көз жумду

Россиянын Кубань аймагында 38 жаштагы Кыргыз жараны жөө өтмөктөн адамдарды сүзүп кетти. Бул тууралуу Россиянын жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Кыргыз жаранынын башкаруусундагы Ford Mondeo үлгүсүндөгү унаа жол жээгинде бара жаткан адамдарды сүзүп, андан соң каршы тилкеге ​​чыгып, Nissan Atlas үлгүсүндөгү унаа менен кагышкан.

Кырсыктан 23 жана 15 жаштагы кыздар, төрт жашар бала жана жети айлык кыз алган жаракаттары менен ооруканага жеткирилген. Кийинчерээк жети айлык кыз каза болгон.