Окуялар

Бишкекте жүк ташуучу унаа 17 жаштагы кызды сүзүп кетти

Бишкекте жүк ташуучу автоунаа жөө адамды сүзүп кетти.

Интернетте тарап жаткан видеодон көрүнүп тургандай, ЗиЛ үлгүсүндөгү жүк ташыган автоунаа жөө адамдар өтүүчү жерден кызды коюп кеткен.

 Патрулдук милиция башкармалыгынын маалымат катчысы Байказы Айтикул уулунун айтымында, жол кырсыгы бүгүн саат 14:30дар чамасында Анкара көчөсүндө болгон.

Автоунаа батыш тарапты көздөй бара жаткан. Алдын ала маалыматтар боюнча, жабыркаган кыз 17 жашта. Жабырлануучу ооруканага жеткирилген, абалы азырынча белгисиз. Ал эми жүк ташуучу автоунаа айып короого токтотула турганы кошумчаланды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button