Окуялар

Чүйдө 48 жаштагы мас айдоочунун катышуусунда жол кырсыгы катталды

Чүйдүн Шалта айылында 25-августта мас айдоочунун катышуусунда жол кырсыгы катталды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришкендей, “Тойота Ист” унаасынын 23 жаштагы айдоочусу ооруканага колу сынып, денеси көк ала болуп өзү кайрылган. Ал унаадагы жабыркаган адам ооруканага жеткирилген.

Жол кырсыгынын экинчи катышуусу “Опель Вектра” унаасынын 48 жаштагы айдоочусу бутунан жаракат алып ооруканага жеткирилген. Ал мас абалында болгону айтылат.

Эки унаа тең айып аянтчасына киргизилген. Тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button